Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАБАК
 

КАБАК

 
КАБАК — топоним. Манас жердеген Таластагы Ак-Чийдин бир бурчу. Каныкей, Чыйырды, Семетейди Букарга качырмак болгон Бакай Кабак, Ак-Чий боюндагы Манастан калган жылкылардын ичинен Тайторуну кармап Каныкейлерге алып барат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 45). Географиялык реалияда К. — Ак-Чий азыркы Талас шаары турган чөлкөм.

кабак

 
кабак (араккана), кабагы, кабакка

кабак

 
кабак (көздүн үстү), кабагы, кабакка
кабагы ачылуу
кабагы бүркөлүү
кабагы жарык
кабагы кирдөө
кабагы көтөрүңкү
кабагын бүркөө
кабагын карыш салуу
кабагына кар жааган
кабак ачар
кабак-башы
кабак-кашы
кабак-кашым дебе-
кабак-кашына кароо

кабак

 
кабак (коо), кабакка

кабак

 
I зат.Көздүн үстү, көздүн чарасынын үстү. Сергейдин чачтары кабагына түшүп, сеңселе берет (Сыдыкбеков). Кырдач мурун, жар кабак («Эр Табылды»).
¨ Кабагы ачык же кабагы жарык — көңүлү ачык, көңүлү көтөрүңкү, кубанычтуу, жайдары. Балакетиңди алайын, жылдызым, уктап жатса да, кабагы жарык (Сыдыкбеков). Кабагы бүркөө же кабагы салыңкы — капалуу, көңүлү ачык эмес кайгылуу, кейиштүү. Кабак түйүү к. түй. Кабак чытуу к. чыты. Кабак-кашым дебөө — кейибөө, кайгырбоо, кенебөө, убайым тартпоо, капаланбоо. [Даша].. оор жумушту кабагым-кашым дебей аткарат (Сасыкбаев). Канчалык кайгы басса да, Кабагым-кашым дебеген (Бөкөнбаев). Кабак-кашына кароо — мүнөзүнө, кыялына, көңүлүнө кароо. Сиздин кабак-кашыңызга карап эшигиңизде кызмат кылып жүрө албайм (Жантөшев). Жар кабак — кабагы бийик. Жалаяк ооз, жар кабак, Жалдуу Төштүк уулум бар («Эр Төштүк»). Кабагына кар жааган — ачуулуу, сурданган, түнөргөн.
КАБАК IIзат. Суунун, сайдын, ойдуң жердин жардуу жээги. Четин, арча, карагайдын куулары, Кабагында каршы-терши сулаган (Калык).
КАБАК III зат. Сабактары чубалып жерге жатып өсүүчү ири мөмөлүү огород өсүмдүгү жана ошол өсүмдүктүн сүйрү же тоголок келген чоң-чоң мөмөсү.
¨ Суу кабак — ичиндеги уруктарын алып таштагандан кийин идиш катарында колдонулуучу бакча өсүмдүгү.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокабак
Множ. числокабактар
Синонимы
каш
Склонение по падежам - "кабак"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кабак
Родительный Чей?кабактын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кабакка
Винительный Кого?, Что?кабакты
Местный Где?, У кого?кабакта
Исходный Где?, У кого?кабактан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кабактар
Родительный Чьи?кабактардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кабактарга
Винительный Кого?, Что?кабактарды
Местный Где?, У кого?кабактарда
Исходный Откуда?, От кого?кабактардан

Найти все переводы слова "КАБАК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАБАК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru