Menü
Эл-Сөздүк

Зыян

ЗЫЯН – жарандык укуктагы бир жактын өзүнүн туура эмес иш-аракети аркылуу башка бир жакка карата акчалай келтирген зыяны. Биринчиден, укугу бузулган жактын кайрадан калыбына келтириле турган тарткан чыгымы, ошондой эле анын мүлкүн жоготуу же бузуу (иш жүзүндөгү зыян), экинчиден, эгер милдеттенме өз деңгээлинде аткарыла турган болсо, ал алууга мүмкүн боло турган киреше (колдон чыккан пайда) З. катары түшүндүрүлөт. Жалпы эреже боюнча, карызкор кредиторго келтирилген З. ордун толугу менен толтуруп берүүгө тийиш. Милдеттенмелердин айрым түрлөрү боюнча, мыйзам анын жоопкерчилигин чектеши мүмкүн.

зыян

зат. Кандайдыр бир нерсеге же ишке келтирилген кесепет, залал, бузулууга, чыгымга ж. б. кириптер болгондук, тескери таасир. Жалкоо өзүнө гана түгүл, өлкөгө да зыян кылат (Байтемиров). Тишти кордосоң, сөзгө зыян (макал).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: