Меню
Эл-Сөздүк

Зыян келтирүү натыйжасындагы милдеттенме

ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ НАТЫЙЖАСЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕНМЕ – милдеттенмелик укуктун негизги институттарынын бири, жарандык-укуктук жоопкерчиликтин түрү. КР жарандык мыйзамдарына ылайык инсанга же жарандын мүлкүнө келтирилген зыян, ошондой эле, юридикалык жакка келтирилген зыян, зыян келтирген адам тарабынан толук өлчөмдө калыбына келтирүүгө жатат. Мыйзам менен зыянды калыбына келтирүү милдети зыян келтирүүчү болбогон адамга жүктөлүүсү мүмкүн. Мыйзам же келишим менен зыян келтирүүчүгө зыяндан ашыкча компенсация төлөө милдети белгилениши мүмкүн. Зыян келтирген адам, эгер келтирилген зыян анын күнөөсү менен эмес экенин далилдей алса, ал зыянды төлөп берүүдөн бошотулат. Зыян келтирүүчүнүн күнөөсү жок болгондо да, мыйзам аркылуу келтирилген зыянды калыбына келтирүү каралуусу мүмкүн. Укук негиздүү аракеттер менен келтирилген зыяндар мыйзамда каралган шарттарда калыбына келтирилет. Эгер келтирилген зыяндар жабырлануучунун өтүнүчү же макулдугу менен болсо, ал эми зыян келтирүүчүнүн аракеттери коомдун адеп-актык принциптеринен бузбаса, зыяндарды калыбына келтирүүдөн баштартылышы мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: