Меню
Эл-Сөздүк

жарык

жарык (нур, шоола), жарыгы, жарыкка
жарыгы тийүү
жарык басымы
жарык бирдиктери
жарык дүйнө
жарык жылы
жарык күчү
жарык маңдай
жарык нур (физ.)
жарык приборлору
жарык режими (физ.)
жарык той
жарык толкуну
жарык чоңдуктары
жарык ылдамдыгы
жарык энергиясы
жарыкка келүү
жарыкка чыгуу (басмадан)

жарык

жарык (жарака), жарырыгы, жарыкка

жарык

жарык

жарык

I зат. 1. Көрүү сезимине таасир этип, айлана-чөйрөнү көзгө көрүнө турган абалга келтирүүчү нур, шоола. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт (макал). Күндүн жарыгы. Оттун жарыгы.
  1. 2.                  Айлана-чөйрө көрүнүп турган, караңгы түшө элек мезгил, күндүз. Эми биз, карыялар, жарыкта эптеп үйгө жетип алалы (Абдукаримов).
  2. 3.                  өт. Таалай, жыргал, бакыт. Советтин жарык күнүндө Териме батпай семирдим (Токтогул). Жарык нурду көрсөткөн Ленин жолу жашасын (Тоголок Молдо).

¨ Маңдайы жарык — көңүлү шат, кубанычтуу, жайдары. Маңдайы жарык жылдыздуу Шерик болот ырыска (Осмонкул). Жүзү жарык — 1) ажарлуу, жайдары; 2) айыпсыз, элге уят болгудай, эл наалат айткыдай эмес. Эл алдында жүзүм жарык, айыбым жок («Чалкан»). Жарыкка чыгуу — китеп, журнал, газета ж.б. бетинде басылып чыгуу, Жарыялануу .
ЖАРЫК II зат. 1. Жарылган, бөлүнгөн жер, сыныктын изи, жик, жарака. Жер жарыгы тозокко Жакын кирип барды эле («Эр Төштүк»). Жыгачтын жарыгы.
2. Дененин айра чабылган, тилинген жери. Уу камчы тийген шак-шак, жарык башы, Баланын «Туткуч» экен билдим аты (Бөкөнбаев). Кыдырып жүрүп кыйналып, Таманым жарык чор болду (Токтогул).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжарык
Көптүк санжарыктар
Байланыштуу сөздөр
күндүз
Жөндөлүшү - "жарык"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жарык
Илик Кимдин? Эмненин?жарыктын
Барыш Кимге? Эмнеге?жарыкка
Табыш Кимди? Эмнени?жарыкты
Жатыш Кимде? Эмнеде?жарыкта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жарыктан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жарыктар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жарыктардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жарыктарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жарыктарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жарыктарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жарыктардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: