дүмүрөй этиш. 1. Дүмүрдөй болуп көрүнүү, дүмүргө окшоп туруу. 2. Дүмпүйүп, караандуу болуп көрүнүү. Дүмүрөйгөн көп караан Токойбу десем, эл экен («Манас»). Тетиги дүмүрөйүп көрүнгөн белди эмне дейт? — деди Мурат (Байтемиров).