Меню
Эл-Сөздүк

дыйкан

зат. Эгин, бакча ж.б. өстүрүп асыроочу, дыйканчылык кесибиндеги адам. Дыйкандын көркү жер менен (Токтогул). Күжүрмөн күчтүү дыйканга, Жүрүп турган кош жакшы (Жантөшев).
Орто дыйкан — менчигинде бир аз жери бар, киши күчүнөн пайдаланбаган, чарбасы, мүлкү жагынан кедей дыйкан менен кулактын ортосундагы абалда болгон дыйкан. Баба дыйкан к. баба. Акылга дыйкан — акылга бай, даанышман. Атка чапчу бала элең, Акылга дыйкан жан элең («Семетей»). Өзү токтоо, акылга дыйкан адам (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: