Меню
Эл-Сөздүк

далы

далы
далы астындагы нерв
(мед.)
далы ач- (этн.)
далы ачуу
далы булчуңдары (мед.)
далы жак
далы көр- (этн.)
далы сызыгы (мед.)
далы чөйрөсү (мед.)
далыга чапкылоо
далынын кууш урунчугу (мед.)
далынын кызыл кан тамыры (мед.)
далынын чоң тегерек
булчуңу (мед.)
далысын куушуруу
далысын салуу

далы

зат. Арканын жогору жагындагы күң жилик менен туташкан үч бурчтуу жалпак сөөк, мүчө. Арзыкулду алаканы менен далыга чапкылап сөзүн улады (Байтемиров). Курманов буга таң калып, түшүнбөстөн далысын күйшөдү (Баялинов).
Ай далы — далынын үстү. Кадим Манас сыяктуу, Ай далынын кеңдиги (Жантөшев). Кара далы кыз — турмушка чыгар маалынан өтүп калган, жашы өтүп кеткен кыз. Куу далы — далысы жабышкан арык, чабал; итий, рахит оорусу. Баласы куу далы болуптур (Сыдыкбеков). Куу далыдан кутулбастан өскөнбү, Сөөгү кыйшык, булчуңу жок сандары (Маликов). Далы ачуу — койдун далысына карап, болгон иштин алдын ала айтуу, далы менен төлгө ачуу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: