зат.1. Адамдын, айбандардын етүн жана тамак сиңирүүгө зарыл болгон бир катар заттарды иштеп чыгаруучу ички органы.
2. Адамдын, айбандардын курсак жана төш жагы. Эки колун бооруна алып үңкүйө жер карап отурган Алыбай (Жантөшев). [Окжетпес].. боорун жерге төшөп жата калды (Сыдыкбеков).
3. Тоонун, жардын, дубалдын ж. б. бети, каптал тарабы. Жар бооруна уя салган таандарды көрдүк («Жаш ленинчи»). Тамдын бооруна эки-үч мык кагып, кийимкечесин илди («Ала-Тоо»).
4. Белгилүү бир жердин аймагы, айланасы, өрөөнү. Чүй боору. [Токтогул] Өзүнүн күүлөрүн Анжиян боорундагы кыргыздарга таркатып кетти (Бөкөнбаев).
5. өт. Жакын, тууган, тукуму, теги бир. Бир боор элбиз, жакынбыз («Ала-Тоо»). Далай таттуу даам жедим колуңдан, Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан (Осмонов).
♦ Боорунатартуу—өзүнө жакындатуу, жакынкылуу. Боортолгоок.толго. Бооруташжеташбоор — катаал, ырайымы жок, ырайымсыз, кара мүртөз. Душман ырайымсыз жана таш боор (Сыдыкбеков). Пайда кылбайт кедейге Бай-манаптын боору таш! (Тоголок Молдо). Боорукатуу —
1) таш боор, бирөөгө боору оорубаган;
2) бойго жетүү, баралына келүү, толуу. Азыр бооруңарката элек балапансыңар (Бейшеналиев); 3) аябай күлүү, күлкүсү тыйылбоо. Бооркөтөрүү — чоңоюу, өсүү, бойго жетүү. Көкбоор — курсак көңдөйүнүн сол жак үстүнкү бурчунда жатып, кан шариктерин бөлүп чыгаруучу орган. Карабоор — тез учуучу боору кара илбээсин куш.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как боор
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
0Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 - 9? Ответ:
Отправить