Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эс алууга арналган жер

ЭС АЛУУГА АРНАЛГАН ЖЕР – КР жер укугу боюнча, денсоолукту чыңдоо жерлерине жатпаган, калктын уюшулган түрдө жалпы эс алуусуна жана туризмге арналып, белгиленген тартипте бөлүнүп берилген жер (жер участоктору, санаторий менен өргүү үйлөрү жайгашкан жерлер, денсоолук чыңдоого арналган жерлерден тышкары). Ошондой эле, Э. а. а. ж-ге шаар четиндеги жашыл аймагындагы жерлер, б. а. санитардык-тазалык жактан коргоо тилкеси катары тургундардын эс алуу жайы болуп саналган шаар чегиндеги токойчо, бакча ж. б. бак-дарактар отургузулган жерлер да кирет. Э. а. а. ж-де анын түп максатына шайкеш келбеген иштерди жасоого тыюу салынат. Э. а. а. ж. өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин курамына кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: