Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эгемендүүлүк

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК (фр. souverainete – жогорку бийлик) – бийлик үстөмдүүлүгү менен көзкарандысыздыгы. Конституциялык укук илиминде Э-түн бирнече түрү кездешет: 1) Мамлекеттик Э. – өлкө ичинде бийликтин үстөмдүүлүгү жана тышкы чөйрөдөгү көзкарандысыздык, т. а. мамлекет тарабынан өзүнүн Э-үн чектөөгө ачык-айкын жана өз эрки менен макул болгон учурлардан тышкары, чет мамлекет бийликтерине, анын ичинде эларалык алака чөйрөсүнө да, башийүүнү жокко чыгара турган мамлекеттин өз аймагындагы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин толуктугу; 2) Улуттук Э. – улуттун бийликке толук ээ болушу, анын саясий эркиндиги, баарыдан мурда өз мамлекетин түзүүгө чейинки саясий өзалдынчалуулук жөндөмдүүлүгү менен улуттук турмуш мүнөзүн аныктоо мүмкүнчүлүгү; 3) Элдик Э. – элдин толук бийлиги, т. а. коомдук жана мамлекеттик иштерди башкарууга иш жүзүндө катышуу үчүн социалдык, экономикалык, саясий каражаттарга ээ болуусу. Элдик Э. баардык демократиялык мамлекеттердин конституциялык түзүлүш принциптеринин бири болуп саналат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: