-
Чегара суулары
-
ЧЕГАРА СУУЛАРЫ – мамлекеттик чегара сызыгы өткөн жерлердин чектериндеги суу аймактары. Чегара сууларына чегара өткөн жерлердеги жер алдындагы суулар да кириши мүмкүн. Ч. с-нын укуктук режими өлкөнүн ички мыйзамдары, ошондой эле чектеш мамлекеттер менен болгон (мамлекеттик чегара режими жөнүндө, суу чарба маселелери боюнча ж. б.) келишимдер менен жөнгө салынат. Эреже катары, Ч. с-нда кандайдыр бир сүзүүчү каражаттардын өтүүсүнө өз мамлекетинин чегара чектеринде гана улуксат берилет.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Чегара суулары