Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Филиал (тамырлаш)

ФИЛИАЛ (ТАМЫРЛАШ) (от лат. filialis – туунду) – КР жарандык мыйзамдары боюнча, ишкананын өзү турган жерден тышкары жайгашып, анын иш-милдетин же айрым бөлүгүн, анын ичинде өкүлчүлүк милдетин аткарган юридикалык жактын обочолонгон бөлүгү. Ф. юридикалык жак болуп саналбайт. Ишкана ага мүлк бөлүп берүү менен, Ф. жөнүндөгү жобону бекитет. Ф. жетекчилиги ишкана тарабынан дайындалып, анын ишеним катынын негизинде иштейт. Ал аны түзгөн ишкананын (юридикалык жактын) уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: