Меню
Эл-Сөздүк

Фас

ФАС (англ. FAS , free alongside ship – «кеме бортун бойлой бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, коммерциялык аткарымдардагы ташып жеткирүүнүн Франко-шарттарынын бири (1990-жылдагы «Инкотермс» басылмасында өзгөрүүсүз калган). Бул шартка ылайык, товар качан суужээк аялдамасындагы кеменин бортун бойлой жайгаштырылганда гана, сатуучу өзүнүн милдетин аткарган болуп эсептелет. Ошол учурдан тартып, баардык чыгымдарды, сынуу же талкалануу тобокелчилигин сатып алуучу тартат. Франко-завод шартындай эле, мындай аткарымдар сатуучуга жүк-төлгөн ФОБдон айырмаланып, сатып алуучу товарды экспорттук алымдар менен бажы жолжоболорунан тазалайт. ФАС шарты деңиз же дарыя ташууларында гана колдонууга жөндөмдүү.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: