Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Улуттук валюта тутуму

УЛУТТУК ВАЛЮТА ТУТУМУ – өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштарын камсыз кылуу үчүн валютанын иштөөсүнө түрткү берүүчү экономикалык, акча-кредиттик мамилелердин жыйындысы. У. в. т. төмөндөгү негизги элементтерди өзүнө камтыйт: улуттук валютаны; валюта корунун белгилүү бир көлөмү менен курамын; валюта теңдештигин; улуттук валютанын курсу менен анын аракет тартибин; валютанын өтүмдүүлүк шартын; накталай (жок) болуусун жана валюталык чектөөлөрдүн негизги түрлөрү менен усулдарын; эларалык эсептер менен анын түрлөрүнүн кредиттик жабдууларын колдонуунун иштеп жаткан режимин; өлкөнүн валюталык мамилелерин жөнгө салуучу улуттук органдар менен мекемелердин статусун; улуттук валюта жана алтын базарынын иштөө шартын.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: