Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ТОГУЗ КОРГООЛ
 

ТОГУЗ КОРГООЛ

 
(тогуз кумалак) — Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму. Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда чоңураак жанаша эки казынасы (казан чара) бар сүйрүлөнгөн такта. Анын жердиги карагайдан да, арчадан да, талдан да, теректен да, өрүктөн да, жаңгактан да болот. Чеберлер аны жасоодо араа, керки, бычак пайдаланышат. Чуңкурун, казынасын чебердеп оюу-жонуу үчүн атайын кичинекей ийгиси бар. Эгер кыйып келээри менен дароо чаба койсо, ага каймак, же сорпо майын «ичирип» (аябай сыйпап) көлөкөдө кургатуу керек. Тогуз кумалактын көлөмү койдун коргоолундай 162 коргоолу да жыгачтан бипбирдей тоголок жасалат.

Тогуз коргоол

 
Тогуз коргоол – кыргыз элинин байыртадан келе жаткан көөнөрбөс эстелиги, акыл-ой байлыгынын казынасы, көчмөн турмуштун, жоокердик мамилелердин сырдуу түйүнү жана көпчүлүктүн черин жазып эрмектөөчү ортолук оюну. Тогуз коргоол оюну – «Манаста» чагылдырылган негизги оюндардын бири катары төмөнкүчө айтылат: Жалпак жыгач чаптырып, Чараларын оюшуп, Бир жагына бир тогуз, Бир жагына бир тогуз Үй чыгарып коюшуп, Ою менен олтуруп, Ташын салып толтуруп, Тогуз коргоол ойгону, Ордо тогуз коргоол деп Жаш Манас кылып койгону. (Манас энциклопедиясы. 2-китеп, 282-б.)

Найти все переводы слова "ТОГУЗ КОРГООЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ТОГУЗ КОРГООЛ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru