Menu
Эл-Сөздүк

Социалдык камсыздалууга укук

СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДАЛУУГА УКУК – адамдын (кээде жарандын гана) негизги конституциялык укуктарынын бири. Постсоветтик өлкөлөрдүн конституцияларында адатта мамлекеттен улгайгандыгына байланыштуу бааракы жана жөлөкпул, убактылуу же туруктуу эмгекке жараксыздыгына байланыштуу, багуучусунан ажыраган учурда, жумушсуздуктан, жакырлыктан улам жардам алуу түрүндө калыптанууда. Мындай жардамдын шарттары жана көлөмү мыйзам менен аныкталат. Башка мамлекеттерде С. к. у. бир кыйла сейрек кездешет, ал эми англо-америкалык укук тутумундагы өлкөлөрдүн конституцияларында – таптакыр жок, ошентсе да бул жактарда социалдык коргоо тармагы жок дегенди билдирбейт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: