Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Сот коллегиясы

СОТ КОЛЛЕГИЯСЫ – мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын көзөмөл тартибинде кайра кароону жүзөгө ашыра турган КР Жогорку сотунун, обулустук жана ага теңдештирилген соттордун курамдык бөлүктөрү. КР Жогорку сотунун С. к.: облусттук жана ага тендештирилген соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын көзөмөлгө алуу тартибинде кайра кароону; процесстик мыйзамдарда каралган учурларда, облустук жана ага теңдештирилген соттордун жаңы ачылган жагдайлар боюнча алар кабыл алган сот актыларын кайра кароону ишке ашырат. Облусттук жана ага тендештирилген соттордун С. к.: апелляциялык баскычы катары райондук жана ага тендештирилген соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра карайт; кассациялык баскыч катары райондук жана ага тендештирилген соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра карайт. Арбир С. к. белгилүү бир катмардагы (кылмыш-жаза жана административдик тартип бузуулар, жарандык, административдик жана экономикалык) иштерди карайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: