Menü
Эл-Сөздүк

Соода жана өнүктүрүү боюнча буу конференциясы (юнктад)

СООДА ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА БУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (ЮНКТАД) – эларалык соода уюму болуп саналбаган БУУ Башкы Ассамблеясынын органы. 1964-жылы түзүлүп, 168 мүчө өлкөсү бар. Негизги милдети – эларалык сооданын өнүгүшүнө, мамлекеттер ортосундагы тең укуктуу өзара пайдалуу кызматташтыкка колкабыш кылуу, эларалык экономикалык мамилелерди арттыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу ж. б. у. с. ЮНКТАДда топтук принципте иштөө кабыл алынган: мүчө-мамлекеттер социалдык-экономикалык жана географиялык принцип боюнча өзара 4 топко бөлүнгөн. ЮНКТАД чечими резолюция, билдирүү таризинде кабыл алынып, сунуштама мүнөзүндө болот. ЮНКТАД калкасында көп тараптуу макулдашуулар менен конвенциялар иштелип чыгат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: