Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Салык салуу бирдиги

САЛЫК САЛУУ БИРДИГИ – салык базасынын сандык көрсөткүчүн билдирүү үчүн пайдалануучу салык салуунун чен-өлчөмү. Алып айтсак, автоунаа каражаттарынын ээлеринен салык алуунун чен-өлчөмү катары кыймылдаткычынын ат күчү же киловатт менен аныкталуучу кубаттуулугу эсептелет. Салык салуу максатында тандалып алынган кубаттуулукту өлчөө бирдиги С. с. б. болуп саналат. Салык салуунун мүмкүн болгон бир катар мүмкүнчүлүгүнүн тигил же бул бирдигин тандап алуу ылайыктуулугуна, ошондой эле салтка жараша болот. М.: жер салыгын салууда өлкөдө кабыл алынган өлчөө бирдиги (гектар, теше, чарчы метр ж. б.) колдонулат. Кирешеге жана тапкан пайдага салык салууда С. с. б. катары улуттук акча бирдиги колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: