Меню
Эл-Сөздүк

Патенттик ишеним берилген өкүл

ПАТЕНТТИК ИШЕНИМ БЕРИЛГЕН ӨКҮЛ – патенттик талаптарга ылайык, КР патенттик ишеним берүүнүн мамлекеттик каттоосунда катталган жана белгиленген тартипте аттестацияланган жана ага Кыргызпатенттин жана өнөржай менчиги менен асылдандыруу жетишкендиктеринин объекттерине коргоо укугун алуу жана жүргүзүү маселелери боюнча дагы башка уюмдардын алдында жеке жана юридикалык жактарга ишенимдүү өкүлчүлүк кылуу укугу берилген жеке жак. П. и. б. ө. иш-аракетине жеке жана юридикалык жактардын өнөржай менчиги менен асылдандыруу жетишкендиктеринин объекттерине карата укугун, эркин жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо үчүн адистик көмөк көрсөтүү боюнча аттестацияланган адистердин иш-аракети кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: