Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Нысапсыз атаандаштык

НЫСАПСЫЗ АТААНДАШТЫК – чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарба жүргүзүүдө артыкчылыкка жетишүүгө багытталган, аракеттеги мыйзамдардын жоболоруна, ишкер чөйрөнүн адаттарына, абийирдүүлүктүн талаптарына, акыл-эстүүлүккө жана ак ниеттүүлүккө карама-каршы, чарба жүргүзүүчү башка субъекттерге – атаандаштарга же алардын ишкер беделдерине зыян келтириши мүмкүн же чыгашага кириптер кылуучу баардык аракеттери. А. а.: башка чарба жүргүзүүчү субъектинин ишкердик беделине зыян келтирүүгө мүмкүн болгон жалган, так эмес же бурмаланган маалыматтарды жайылтуу; товарлардын мүнөзү, аларды даярдоонун ыкмасы жана даярдалган жери, касиеттери, колдонууга жарактуулугу же сапаты жагынан керектөөчүлөрдү жаңылыштыруу; товардык белгини, фирмалык аталышты өзүмбилемдик менен пайдалануу же жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгаруу, демпингдик бааларды колдонуу кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: