Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Мөөнөт узартуу

МӨӨНӨТ УЗАРТУУ (фр. рrolongation , prolongare – узартуу) – келишимдин иштөө мөөнөтүн келишим түзүлүп жатканда каралган мөөнөттөн ары узартуу. М. у. 2 ыкма менен ишке ашырылат: а) келишим мөөнөтүн белгилүү бир мөөнөткө чейин узартуу жөнүндө атайын макулдашуу (протокол) түзүлөт; б) узартуу шарты келишим текстине киргизилет (адатта анда төмөндөгүлөр камтылат: эгер келишимге киргизилген мөөнөт бүткөнгө чейин келишимге кирген тараптардын бири тарабынан келишимден баштартуу тууралуу билдирүү келип түшпөсө, келишим белгиленген мөөнөткө чейин узартылган болуп эсептелет).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: