Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Мураскерсиз мүлк

МУРАСКЕРСИЗ МҮЛК – эгерде мыйзам боюнча да, керээз боюнча да мураскери жок болсо, же мураскерлеринин биринин дагы мурастап калуу укугу жок болсо, же болбосо, мурастоодон баш тартса, каза болгон менчик ээсинин артында калган мүлк. М. м. ошол жердеги мамлекеттик органдарга же мурас иши каралган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жазылган арыздардын негизинде мурас белгиленгенден тартып бир жылдык мөөнөттөн кийинки сот чечиминин негизинде мураскерсиз мүлк деп табылат. Мурас мүлкү эгер аны кайтаруу, аны башкаруу чыгымдары анын өз наркынан ашып кетсе, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин мураскерсиз мүлк катары таанылат. М. м. ошол мүлк жайгашкан жердеги жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын менчигине, ал мүлктөн баштарткан учурда мамлекет менчигине өтөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: