Меню
Эл-Сөздүк

КӨК

өрүм (өрмө) буюмдардынын жердиги. Жүнү жылытылып, челденген чылгый тери жана андан тилинген талдар. Ал — тери буюмдарын көктөйт, бекитет. Камчы көгү жалпысынан «тасма» деп айтат. Көк тилүү — өрүмдү баштоо аракети. Татаал өрүмдөрдүн жердиги көбүнчө кийиктин терисинен болот. Ал камчы өрүмүнө бир өңчөйлүк кылат да, мунун тилинин текши келет да, өрүмү таасын түшөт.
      Чеберлер тайлактын, кийиктин, торпок-музоонун жана эчкинин сыйрылган терилерин нымдуу жайга коет, же шар сууга үч күндөй бастырат да, жүнүн бычак менен шыпырат. Тегиз жерге тоборсутуп керип, суу бүркүп жумшартып тилсе, «көктүн талы» делинет. Көк менен кайыштан жасалуучу буюмдарды тигүүнү «көктөө» дейбиз.
      Көк камчы өрүмдөй эле «эшик чий» согууда, керегени, бут кийимди көктөөдө да кадимкидей колдонулат. Бодонун терилеринин бир жери калың болот. Бир жери жука көрүнүп, текшилиги бирдей эмес. Илгери өрүмчүлөр даакысы түшкөн арык тайдын терисин камчы өрүмдүн негизги жердиги кылышкан.
      Айрымдар көк үчүн жаңы союлган кулундун, жабагынын жана музоонун терилерин алат. Негизги тайдын териси калыңдык кылат. Анын боорунан тилип алса болот.
      Көккө керектей турган терини жылуулай бойдон жылуу сууга салуу зарыл. Же терини шар аккан сууга байлоо керек. Ал бир жумага жетпей, колго келбей жыдыйт. Муну түз жерге кергенде тери калдайып, тегиз кургап катат.
      Мында көктү тилүүнүн эки ыкмасы бар. Адегенде жөнөкөй эле бычак аркылуу тал-тал тилип алат. Анан аларды сындырыкка салып өткөрүү керек. Мында көк текшиленип, көк талдары сыйда келет. Ошону үчүн анын өрүмү кооз көрүнөт.

көк

көк (асман), көгү, көккө
көк желе
көк мелжи-
көк тире

көк

көк (өжөр)
көк бет
көк беттик
көк желке
көк мелтей
көк сүт
көк тил

көк

көк ( түс)
көк ала
көк базин (бот.)
көк боор
көк бөрү
көк бөрүчү
көк бөрүчүл
көк жал
көк жалдык
көк жалтаң
көк жашык
көк жашыл
көк жеке (эск.)
көк желке
көк жөтөл
көк жылтыр
көк заңкер
көк кажыр
көк кашка
көк көйнөк
көк кылтыр
көк кытан
көк майса, көк майсан
көк мончок
көк муштум
көк мээ (көкмөө эмес)
көк мээлик
көк сагыз (бот.)
көк серек
көк соору
көк союл
көк сүт
көк таш
көк тумшук
көктү кароо
көктүн суусу
көк чаар
көк чай
көк чай чөп
көк чеке
көк чоку
көк чулдук (канаттуу)
көк шалкы (канаттуу)
көк шилти
көк шыбак

көк

көк (ичке тасма)

көк

көк (чөп)
көк-сөк

көк

IIIзат. Малдын чылгый терисинен тилинип, бир нерсени (мисалы, чокойду, керегени) көктөш, бекитиш үчүн колдонулуучу ичке тасма.
КӨК IV сын. Заттын булутсуз ачык асман сыяктуу түсү. Көк жоолук. Көк боёк.
¨ Көк кашка — таза, тунук. Жутсаң көңүл ачылган Жайлоонун суусу көк кашка (Осмонов). Көк көйнөк к. көйнөк. Көк жөтөл к. жөтөл. Көк мончок к. мончок. Көк желке к. желке. Көк каргак. карга. Көк боор к. боор. Көк соору — анча чоң , эмес, башынын үстү саргыч, калган денеси ачык көк түстөгү келгин куш. Көк шалкы — кичинекей жапайы чымчыктын бир түрү. Көк кытан к. кытан. Көк мээ — 1) койдун мээ оорусу; 2) келесоо, кеңкелес, кейбир, макоо. Көк таш — катуу, көк түстөгү химиялык элемент. Көк башы — суу бөлүштүрүүчү, сууну тейлөөчү, мурап. Көк башы Актан ата көрүндү (Бейшеналиев). Көк шилти болуу - абдан арыктоо, мүңкүрөө. Көк шилти болуп өлөйүн деп жүрөт. Көк муштум болуу — көгөрүп үшүү, аябай үшүү. Көк муштум болуп колдору камтууга келбей калыптыр (Убукеев). Көк жашык - абдан арык; даамы жок (арык эт жөнүндө). Көк жал к. жал I. Көк ала — 1) көгү бар, ала-була, көк менен ак аралашкан түс; 2) жанчылып урулуудан көгөрүп түшкөн так. Ажардын бүткөн бою көк ала (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: