Меню
Эл-Сөздүк

КӨК ЖЕКЕ

КӨК ЖЕКЕ — кайыштан кооздолуп жасалган сый өтүк. К. ж-нин тигилиши, кооздугу, аткарган милдети «Каныкейдин сарамжалында» керемет сүрөттөлөт:
Алтындатып чордотуп,
Айнегин күмүш орнотуп,
Такасынын кыюусун
Тасмал менен куратып,
Таманынын баарына
Сары алтын салып буратып,
Коңгуроолуу көк жеке,
Он кесилген бек жеке
Таканын ичин ойдурган,
Таманды калың койдурган,
Кош жылаажын салдырган
Кийсе кыба кандырган
Кырк чорого кырк өтүк (Сагымбай Орозбаков, 4. 95, 97).

Көбүнчө атчан жүрүүгө ылайыкталып, өкчөсү бийик, кончу узун, тумшугу кууш болуп, бир аз кайкалатып ултарылган. К. ж. өтүктөрдү кыздар да, жигиттер да кийишкен. Кыздардын К. ж-сине көбүрөөк оймо-чиймелер түшүрүлүп, апкыттын сырт жагына майда жылаажындар кошо тигилген.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: