Menü
Эл-Сөздүк

КҮМҮШ БАЛКА

«Балкасы менен зер чапкан, Бармагы менен мал тапкан» (макал). Бул — зергерлердин аспабы. Муну менен күмүштү темир бетине чабат, жашытылган күмүштү сомдойт жана ийет. Анын сабы сыйда, кармоого эптүү, күмүштү чабууга элпек, жеңил болуп, түспөлү ар кандай көрүнөт. Эки тарабы тең чукулдук кейиптенген балка, бир башы тегерек, дөшүдөй уңгулуу балка, бир башы чукулдук өңдөнгөн балка, же бир башы керки өңдөнгөн балка... Аларды зергерлер өзүлөрүнүн узануу оңтоюна карата жасап алышат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: