Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Кирелөө авансасы

КИРЕЛӨӨ АВАНСАСЫ – 1) кире жалдоочу же жүк жөнөтүүчү тарабынан суубекетте (портто) жүк жүктөө чыгымдарын жабуу үчүн кеме ээсине берилүүчү акча өлчөмү. Адатта кире жалдоо эмгек акысы катары каралгандыктан, кайырып берилбейт. Ушуга байланыштуу жүк ээсинин камсыздандыруу кызыкчылыгы болгондуктан, К. а. камсыздандыруу объектиси боло алат; 2) жалпы кирелөө эсебине алдынала төлөнгөн акча. Эгер жүк тартуу боюнча келишим шартында жүк ташуу акысы көздөгөн жерде гана төлөнө тургандыгы көрсөтүлсө, кеме башы жүк жүктөгөн суубекетте тарткан чыгымдары үчүн жалпы кирелөө өлчөмүнүн 1/3 бөлүгүн талап кылууга акысы бар. Бул төлөм коносаментке жазылып, кийин көздөгөн жеринде төлөнүүчү жалпы кирелөө көлөмүнөн чыгарып салынат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: