Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Кеме агенти

КЕМЕ АГЕНТИ – тапшыруу, жалдоо жана сактоо келишимдеринин белгилерин камтуучу деңиз агенттик келишиминин негизинде кеме ээсине кызмат көрсөтүүчү жак. Адатта, К. а. жөнөтүүчүлөр менен тийиштүү мамлекеттик органдарга кеменин келе турган убактысын билдирет, суубекеттеги майда-чүйдө иштерди жана кемени тейлөө жумуштарын (күйүүчү май, суу, азык-түлүк менен камсыз кылуу) аткарат, жүк документтерин жолжоболоштурат, кеме ээсинин кызыкчылыгын коргойт ж. б. у. с.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: