Menü
Эл-Сөздүк

Кемеден ташып жеткирилди (des)

КЕМЕДЕН ТАШЫП ЖЕТКИРИЛДИ (DES) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын келишимде каралган суубекетке жеткирет да, аны сатып алуучуга ташып кирүү үчүн «тазаланбаган» бойдон кеме үстүнөн тапшырып, көрсөтүлгөн бекетке чейин жеткирүүгө байланышкан баардык тобокелчилик менен чыгымдарын өзү тартат. Сатып алуучу белгиленген бекеттеги кемеден товарды кабыл алуу менен, аны импорттук «тазалоодон» өткөрүп, сатуучудан товар кабыл алгандан кийинки тобокелчилик менен чыгымдарды өзү көтөрөт жана да товардын текжайы тууралуу күбөлүгү менен консулдук фактураны жолжоболоштурууда сатуучу тарткан чыгымды кайра төлөп берет. Мындай шарт деңиз жана дарыя жүк тартуусунда гана колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: