Меню
Эл-Сөздүк

КЫРК-ЖИГИТ-АРЫК

КЫРК-ЖИГИТ-АРЫК — Бакай-Ата районунун аймагындагы 10-кылымда курулган байыркы каналдын нугу. Каракоюн суусунан башталып, тоо боору менен Талас өрөөнүнө чыгат. Арыктын узундугу 10 км, туурасы 1,2 м, тереңдиги 1 м, жылмакай таштар менен кынапталып алебастар менен бекитилип оңдолгон.
К.-Ж.-А. менен Кырк-Кыз-Арыктын тарыхы жөнүндө эл оозунда төмөнкүчө уламыштар айтылат: «Семетейдин жигиттери Үрмарал суусунун жээгине оюн-зоок курушат. Кезек күч сынашуу оюнга келет. Кыздар Бакай карыяга кайрылып калыс болуп берүүсүн суранышат. Акылман карыя Үрмарал суусунун сол тарабынан кыздар, оң тарабынан жигиттер арык казып, сууну өрөөнгө кайсыл тарап мурун чыгарса жеңиш ошолордуку болорун айтат.
Эки тарап күндөп-түндөп иштешет. Кыз-келиндер амалдуулук кылып, теңи иштеп, теңи кылактап жигиттерди азгырып, алаксытышат. Кыздар арык казууну бир жума мурун бүткөрүп жеңишке ээ болушат».
О. Береналиев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: