Меню
Эл-Сөздүк

КЫДЫРАЛИЕВ

КЫДЫРАЛИЕВ Кадыржан (1936, Калинин району, Тельман айылы) — кыргыз совет кинооператору, кинорежиссёр. Кыргыз ССР искусствого эмгек сиңирген ишмер (1969). Ленин комсомолу (1968) жана Кыргыз ССР Токтогул атындагы сыйлыгынын (1972) лауреаты. 1956—61-ж. ВГИКтин оператордук факультетинде окуган. 1961-жылдан «Кыргызфильм» студиясында кинооператор болуп иштейт.
К. ишмердигин даректүү жана илимий-коомдук тармакта иштөөдөн баштаган. К-дин оператордук иши профессионалдык чеберчилиги; поэтикалуулугу, драматургиянын ички маңызын сезе билгендиги менен баалуу. Ал «Манас» эпосуна байланыштуу «Улуу эпос» (1962) даректүү фильмин (режиссёру Л. Турусбекова, композитору Т. Эрматов, сценарийи — М. Байжиевдики) тарткан. К. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: