Меню
Эл-Сөздүк

КОМЕДИЯЛУУЛУК

КОМЕДИЯЛУУЛУК — кандайдыр бир социалдык көрүнүштүн, иш-аракеттин, жүрүштуруштун, кылык-жоруктун, үрп-адаттын ошол мезгилдеги элдин түшүнүгүнө, прогрессивдүү коомдук күчтөрдүн эстетикалык идеалына шайкеш келбей калышын шылдың иретинде көрсөтүүчү эстетикалык категория.
«Манаста» К-тун карама-каршысы трагедиялуулук көбүрөөк орун алган (к. Трагедиялуулук).
К-тун башкы белгиси — күлкү. «Манас» эпосунда элдин турмуштук, коомдук түшүнүктөрү, аң-сезими чагылдырылгандыктан эпостогу К. элдик болуп саналат. Эпосто К. окуя кырдаалды баяндоодо, каармандардын жорук-жосунун, мүнөзүн ачып берүүдө, кейипкерлердин речинде жана адамдардын, жан-жаныбарлардын тышкы кебете-кешпирин сүрөттөөдө көрүнөт. Манасчылар К-тун мыскыл, азил, тамаша, какшык сыяктуу каражаттарын көбүрөөк пайдаланышат. «Манаста» К. аркылуу каармандардын образы ачылат, аларга сын айтылат, атүгүл баш каарман Манасты да К-туң каражаты менен азилге, тамашага тартып, элге жакындатат, кадыресе эле киши экендигин көрсөтөт, угуучуларды да күлкүгө аралаштырат. Тойлордогу ар кандай таң-тамашалар, балбан күрөштөр, жоого аттанар алдындагы оюн-күлкүлөр накта К. жагдайда сүрөттөлөт.
К-тун башкы каражаттарынын бири, күлкүлүү жагдайларга эстетикалык насил берүүнүн эң таасын формасы — юмор. Эл арасында кеңири таралган, эпосто гана эмес эл оозунда ар кандай жагдайларда айтылып жүргөн юмор — кол эсебин алганда Тазбайматтын ондугунан бир кишинин жетпей калышы жана анын Манас экендиги. Көпчүлүк варианттардан орун алган бул эпизоддо он башы Байматтын бир кишиси кем чыгып, эсеби табылбай, өлүү-тирүүсү билинбей, желдеттин колунан Тазбаймат мерт болордо кысталышта жол тапкыч Серек тизмеге Манас кирип калбасын, кагазыңды окучу, молдо дейт. Жок киши Манас болуп чыгат (Сагымбай Орозбаков боюнча). Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда «Бакай кагазыңды кара, Манас болуп жүрбөсүн» дейт. Жок киши Манас экенин билгенде «кыргыздын көбү каткырып, кыйындар күлүп калат». Мында ошол учур, айрыкча Тазбайматтын абалы комедиялуу штрихтер менен тартылып өтөт, Манас Тазбайматты тамашалайт:
Уруп кеткен Тазбаймат,
Улук кишим сен болсоң,
Унуткан кишиң мен болсом,
Ушу жорук саа чала.
Он башы ойрон сен болсоң,
Оюңда жогуң мен болсом,
Серекти айтпай койдурбай,
Сени ушул жерге сойдурбай,
Эстебей койсоң мени сен,
Эр Алмамбет баатырга
Өлтүртүүм экен сени мен (Сагымбай Орозбаков, 4. 1, 70—171).

Бул эпостогу жөн гана бир айтылып, унутулуп калчу эпизод эмес, мында элдин Манаска болгон сүймөнчүлүгү, К. жөнүндөгү түшүнүгү жатат. Ушул окуя кыргыздар арасында ылакап катары муундардан муундарга өтүп айтылып келе жатат.
К-тун дагы бир көрүнүшү — Чоң казаттагы бир согуштан кийин майдан талаасынан келбей калган манжунун кырк төрөсүн байлап келгендеги Манастын ал-абалынын сүрөттөлүшү. Мында К. адам мүнөзүн ачуунун каражаты катары пайдаланылат жана ошондой эле керек учурда элдик баатырдык ишти намаздан да жогору койгондугу көрүнөт. Нескараны баш кылып кытайдын кырк баатырын туткундап келаткан Чубакты көргөн Манас:
Намазды бузуп барбактап,
Тура калды эр Манас,
Сүйүнгөндөн дардактап.
Аппак кожо, Ай кожо
Кереленип каласың,
Кечке окуу саласың,
Бейишиңди өзүң ал,
Береним Чубак келатат (Саякбай Каралаев, 2. 155).

Мунун өзүндө комедиялуу кыймыл-аракет менен комедиялык мүнөз айкалыша берилген.
К-тун дагы бир көрүнүшү каармандарды сүрөттөөдө колдонулган поэтикалык каражаттар. Маселен, Манаска карата «Манас, Манас, деп койсо, барбая түшөт экенсиң, сууга салган чаначтай дардая түшөт экенсиң» дегенде азил, какшык аралаш салыштыруулар колдонулат. Терс образдарды элдин идеалына ылайык келбеген каармандарды сүрөттөөдө да К-ка чоң роль таандык. Мында каармандын сырткы келбетине күлүү менен анын ички дүйнөсү, тилек-ниети да ачылат, ошол каарман сынга алынат, мында күтүлбөгөндөй салыштыруулар, эпитеттер, гротеск, ирония кеңири колдонулат. Мисалы, Жолойдун сыпаты:
Тырмагына караса,
Ак жолборстун салаадай,
Муруттарын караса,
Тегирмендин көпчүгү
Текши Каккан барадай.
Өлчөөсү жок өзгөчө,
Чечекейи чарадай.

«Манаста» К. ар кандай шарт-жагдайларда, ар кандай каармандарга карата, ар түрдүү максатта колдонулат. Эпостогу К. элдин К. жөнүндөгү түшүнүгү, көз карашы менен айкалышып турат.
А. Муратов, Б. Кыдырбаева

Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкомедиялуулук
Көптүк санкомедиялуулуктар
Жөндөлүшү - "комедиялуулук"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?комедиялуулук
Илик Кимдин? Эмненин?комедиялуулуктун
Барыш Кимге? Эмнеге?комедиялуулукка
Табыш Кимди? Эмнени?комедиялуулукту
Жатыш Кимде? Эмнеде?комедиялуулукта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?комедиялуулуктан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?комедиялуулуктар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?комедиялуулуктардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?комедиялуулуктарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?комедиялуулуктарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?комедиялуулуктарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?комедиялуулуктардан

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: