Меню
Эл-Сөздүк

КИЙИЗБАЕВА

КИЙИЗБАЕВА Сайра (1917, Төкөлдөш — 1988, Фрунзе) — кыргыз совет ырчысы, СССР эл артисти (1958). Чыгармачылык ишмердигин 1936-ж. Кыргыз музыкалык драма театрында баштаган. 1939-ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасында «Айчүрөк» операсынан Айчүрөктүн партиясын зор ийгилик менен аткарган. «Манас» операсынан Каныкейдин партиясын жогорку чеберчиликте аткарууга жетишкен.
С. Кийизбаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1939.
С. Кийизбаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1939.
К. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: