Меню
Эл-Сөздүк

КЕНЖУТ

КЕНЖУТ — топоним. Эпосто Алтайлык кыргыздар көчүп барган жердин аты катары: «Алтайлык кыргыз барыптыр Ополдун тоосун оролуп, Кенжутка жетти көчмөнү» (Сагымбай Орозбаков, 2. 200),— деп айтылат. Алмамбет Манаска келгенден кийин К-тун каны Айганга жортуул жасап аны жеңет да, Алтынай деген кызына Алмамбет үйлөнөт. Алар мужоосу (маджус — отко табынуу) динде болгондуктан, мусулман динине киргизишет. Бул окуя Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана айтылат. Кээде Шооруктун эли жашаган жер катары да эскертилет:
Жетигендин тарабы,
Жерди Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай.
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).

Географиялык реалияда түндүк Индиядагы жер — Канжут. Айрым изилдөөчүлөр (М. Ауэзов, Ө. Караев) К-ту байыркы Эне-Сай кыргыздарынын Улук-Кемдеги (Тува АССРи) шаары (Кем-Кемжут) менен окшоштурушат. Жердин аттары гана окшош болбосо, Кем-Кемжут 10-кылымда эле жок болуп кеткен, ал эми Канжут (Кенжут) кийинки кезге чейин эле аталып Сары-Кол тараптагы элдерге (кыргыз, тажик) кеңири белгилүү болгон экөө эки башка региондогу топоним. Ч. Валиханов: «Канджут — Хунза менен Нагар княжествосунун эски жалпы аты», — деп жазат.
Э. Абдылдаев. Б. Мурзабекова


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: