КАНКОР — Манастын кайратмандыгын, эр жүрөктүүлүгүн, казаттарда жеңилбестигин туюндурган баатырдык эпитет. Бул терминдин мааниси абдан кенен. К. моңгол тилинде «хонгор» деп айтылып, сүйкүмдүү, аздек, ажарлуу, даңктуу деген маанилерди билдирет. Калмак тилиндеги «кангор» кыргызча — баатыр. Б. Юнусалиев манасчылар тарабынан К. бурмаланып, «кан ичкич» маанисинде да айтылып калгандыгын белгилеген (Б. Юнусалиев, Тандалган эмгектер, 1985, 441). Моңгол фольклорун изилдөөчү Г. О.Санжеев «Манас» эпосундагы К-ду моңголдун «хонгор» деген сөзүнөн алынгандыгын белгилейт. Академик В. В. Бартольд иран тилинде да «Хункор» деген сөз «төрө» же «башчы» деген мааниде колдонулгандыгын көрсөткөн. К. «кан ичер» деген мүнөздөмө түпкүлүгүндө каймана, ошондой эле түз маанисинде болгон деген көз караш бар. Бул көз караш боюнча адам көп кудайга сыйынган доордо К. кудай деген түшүнүк болушу мүмкүн. Байыркы адам кудай кан менен оокат кылат деп ишенген, кудайга арнап курмандыкка адам, кийинчерээк мал чалган. Эпостун азыркы күндөгү айтымдарында да «кан ичмеси кармады» деген сыпаттама көп учурайт. Кара жини кармаганда эч кимге ээ-жаа бербей, кишини тааныбай калат, кан төкмөйүнчө эсине келбейт. Мунун баары бир кездеги «кан ичер» кудайдын образынын белгилеринин калдыктары. Манас манихей дининин кудайларынын пантеонуна кирген деген көз караш да бар.
С. Алиев
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как КАНКОР
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
36Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 х 4? Ответ:
Отправить