Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - КАНКОР
 

КАНКОР

 
КАНКОР — Манастын кайратмандыгын, эр жүрөктүүлүгүн, казаттарда жеңилбестигин туюндурган баатырдык эпитет. Бул терминдин мааниси абдан кенен. К. моңгол тилинде «хонгор» деп айтылып, сүйкүмдүү, аздек, ажарлуу, даңктуу деген маанилерди билдирет. Калмак тилиндеги «кангор» кыргызча — баатыр. Б. Юнусалиев манасчылар тарабынан К. бурмаланып, «кан ичкич» маанисинде да айтылып калгандыгын белгилеген (Б. Юнусалиев, Тандалган эмгектер, 1985, 441). Моңгол фольклорун изилдөөчү Г. О.Санжеев «Манас» эпосундагы К-ду моңголдун «хонгор» деген сөзүнөн алынгандыгын белгилейт. Академик В. В. Бартольд иран тилинде да «Хункор» деген сөз «төрө» же «башчы» деген мааниде колдонулгандыгын көрсөткөн. К. «кан ичер» деген мүнөздөмө түпкүлүгүндө каймана, ошондой эле түз маанисинде болгон деген көз караш бар. Бул көз караш боюнча адам көп кудайга сыйынган доордо К. кудай деген түшүнүк болушу мүмкүн. Байыркы адам кудай кан менен оокат кылат деп ишенген, кудайга арнап курмандыкка адам, кийинчерээк мал чалган. Эпостун азыркы күндөгү айтымдарында да «кан ичмеси кармады» деген сыпаттама көп учурайт. Кара жини кармаганда эч кимге ээ-жаа бербей, кишини тааныбай калат, кан төкмөйүнчө эсине келбейт. Мунун баары бир кездеги «кан ичер» кудайдын образынын белгилеринин калдыктары. Манас манихей дининин кудайларынын пантеонуна кирген деген көз караш да бар.
С. Алиев

канкор

 
канкор (кан ичкич; каң кор эмес)

канкор

 
I сын. Кан ичер, мыкаачы, ырайымсыз. Канкорлорду жоготуп, Кайраттуу бол, уландар (Тоголок Молдо).
КАНКОР II каңкор менен бирдей.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санканкор
Көптүк санканкорлор
Жөндөлүшү - "канкор"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?канкор
Илик Кимдин? Эмненин?канкордун
Барыш Кимге? Эмнеге?канкорго
Табыш Кимди? Эмнени?канкорду
Жатыш Кимде? Эмнеде?канкордо
Чыгыш Кимде? Эмнеде?канкордон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?канкорлор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?канкорлордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?канкорлорго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?канкорлорду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?канкорлордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?канкорлордон

Найти все переводы слова "КАНКОР" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАНКОР"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru