Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Ишкана сатуу келишими

ИШКАНА САТУУ КЕЛИШИМИ – сатуучу, ал өзү башка бирөөгө беришке акысы жок укук жана милдеттерден башка, ишкананы бир бүтүн комплекс катары сатып алуучунун менчигине өткөрүп берүүгө милдеттенген соода-сатык келишиминин өзгөчө түрү. Фирмалык аталышка, товардык, кызмат көрсөтүү белгилерине, сатуучуну жана анын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн айырмалоочу башка каражаттарга укук, ошондой эле ага лицензиянын негизинде гана тийиштүү болгон айырмалоо каражаттарына укук, келишимде башка жагдайлар каралбаганда гана өтөт. Сөзсүз жазуу жүзүндө болуусу, мамлекеттик каттоодон өтүүсү И. с. к. өзгөчөлүгү болуп саналат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: