Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Императивдик мандат

ИМПЕРАТИВДИК МАНДАТ – ага ылайык өкүлчүлүктүү бийлик органынын депутаты шайлоочулардын суроо-талабына байланган жана өзүнүн баардык ишмердигинде алардын алдында жоопкерчиликтүү болгон, ошол эле учурда шайлоочулардын ишенимин актабаган депутатты мөөнөтүнөн мурда кайра чакырып алуу мүмкүндүгү мыйзам жүзүндө бекитилген эреже. И. м. социалисттик жана башка бир катар мамлекеттерде бар. Либералдык демократиялуу мамлекеттерде И. м. эреже катары анын улуттук өкүлчүлүк принцибине каршы келгендигинен улам колдонулбайт. Шайлоочулар эмес, федерация жерлеринин өкмөттөрү түзгөн: депутаттар өз өкмөттөрүнүн нускамаларын аткарууга милдеттүү болгон ГФРдин парламентинин бир палатасында –бундесратында гана И. м. өзүнчө өзгөчөлүккө ээ.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: