Меню
Эл-Сөздүк

ЖЕТИ-СУУ

ЖЕТИ-СУУ (Жети-Өзөн) — топоним, кыргыздардын жана ага жамаатташ элдердин абалтан мекендеген жери катары эпосто көп эскерилет.
Жети-Суу жердин соорусу, Атынын жеми күрүчтөн, Намыс ойлоп мен турам Ага барбай жүрүштөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 154),— деп Айдаркан уулу Көкчөнүн ал жерди эңсегени айтылат. Географиялык реалияда Ж.-С. Казакстандын түштүк-чыгышындагы агын сууларга бай аймак. 18-кылымдын аягында—19-кылымдын башында Ж.-С. деп Илепсинин (Лепси) орто бөлүгүндөгү жерлер гана аталган. Архивдик даректе ал жер Семейден 700 чакырым алыс турат деп белгиленген. Кийин 19-кылымда бул ысым Аягүздөн Илеге чейинки кеңири аймакка таралган. Орто кылымдардагы чыгармаларда Ж.-С. топоними кезикбейт.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: