Меню
Эл-Сөздүк

ЖЕТИ КЫЛЫМ

ЖЕТИ КЫЛЫМ (арабча иклим — бөлүк). Ислам дининин түшүнүгүндө бүтүндөй жер чөлкөмүндөгү кургактык жети кылымга (бөлүккө) бөлүнгөн. Мусулман дүйнөсүндөгү касиеттүү аталган ошол Ж> к. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1- иклим, Мекке жана Мадина чөлкөмдөрү.
2- иклим, Кудус жана Шам (Дамаска) вилаеттери.
3- иклим, Багдад менен Фейруз дубандары.
4- иклим, Кырым менен Урум (Византия аймактары).
5- иклим, Чин, Мачын жана Кытай калкы.
6- иклим, Көк ордо жана Едил журту.
7- иклим, Самаркан, Бухара, Хорезм чөлкөмдөрү.

Кыргыз тилинде, ошондой эле эпосто: 1) доор, заман. 2) аалам, жер жүзү. 3) бүткүл, бардык маанилеринде кеңири жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн өлөрүндө Баймырзага айткан керээзинде: «Жети кылым эл жыйып, Жердин жүзүн чаң кылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 11),— деп бүткүл жер жүзүндөгү элди ашка чакырбоосун тапшырат.
Т. Ташмаматов


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: