Menü
Эл-Сөздүк

В. В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕР

«В. В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕРИАЛДАРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЛЕКСИКАЛЫК ЖАНА ГРАМАТИКАЛЫК ОЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ» — филология илимдеринин кандидаты С. Кондучалованын эмгеги (Фр., 1964). Көлөмү 5,5 басма табак. Өткөн кылымдын экинчи жарымында В. В. Радлов жазып алган материалдагы көп сөздөрдүн алиге чейин кыргыз лексикасында активдүү колдонулушун белгилеп, аларды маани жагынан негизги топторго бөлүп караган. Эмгектин экинчи бөлүгүндө материалдагы тексттердин айрым грамматикалык фактылары жөнүндө сөз козголот. Бул бөлүктө жөндөмөлөр боюнча ат атооч сөздөрдөгү жана этиштерде учураган өзгөчөлүктөр талдоого алынган. В. В. Радловдун китебинен үзүндү берилген.

В. В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕР

В. В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕРИАЛДАРЫДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ФОНЕТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ» — филология илимдеринин кандидаты С. Кондучалованын (Фр., 1961) эмгеги. Көлөмү 7 басма табак. Эмгек кириш сөздөн, негизги бөлүктөн, корутундудан турат. Кириш сөздө эмгектин максаты В. В. Радловдун 19-кылымдын экинчи жарымында жыйналып жана жарыкка чыгарган кыргыз тексттерине фонетикалык талдоо жүргүзүп, фактыларды азыркы түндүк кыргыз говорлору менен адабий тилдин материалдарына салыштырылып изилденгенин экендигин эскертет. Ошондой эле кыргыз тексттерин жазууда колдонулган В. В. Радловдун транскрипция сына таблица берилген. Эмгектин негизги бөлүмүндө таблицада колдонулган транскрипциялык белгилердин колдонуш ыктары жана берген маанилери жөнүндө тексттерге фонетикалык талдоо жүргүзүлгөн. Автор В. В. Радлов кыргыз тексттерин жазууда он алты тыбышты белгилей турган тамгаларды, ошондой эле он тогуз фонемадан турган түндүк кыргыз говорлорунун үнсүздөр системасын колдонгондугун айтып, аларды азыркы кыргыз тилинин фактыларына салыштырып изилдеп чыккан. Корутунду бөлүгүндө В. В. Радлов тарабынан жарыяланып бул тексттер 19-кылымдын экинчи жарымында Түн. Кыргызстанда жашаган жергиликтүү өкүлдөрдүн тилдик өзгөчөлүктөрүн элестетүүчү эң баалуу эстелик болуп саналат деген жана башкалар жыйынтыктарга келген. Бул эмгектин аяк жагына В. В. Радлов жазып алган тексттен үзүндү транскрипциясы эч өзгөрүлбөй берилген.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: