Меню
Эл-Сөздүк

Болуш

Болуш – 1. тар. Революцияга чейинки Россияда жана СССРде 1930-жылдарга чейин райондоштуруу жүргүзүлгөнгө чейинки мезгилде уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген төмөнкү административдик-территориялык бөлүнүш бирдиги, волость. 2. Ушул бөлүнүштүн, аймактын башкаруучусу (Жогорку адабият. 170-б.).

болуш

I зат. тар. 1. Падышалык Россияда уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген эски административдик-территориялык бөлүнүш, волость. Ак-Буура болушундагы калктын бардыгы чоң мечиттин алдындагы аянтка чогулган (Абдукаримов).
2. Ушундай бөлүнүштүн (волостун) башкаруучусу. Миң түтүнгө бир болуш. (Жантөшев). [Лампаны].. эң биринчи Сарыгул деген болуш алып келиптир (Сыдыкбеков).
БОЛУШ II этиш. Бир жакка таламдаш, жардамдаш болуу, жактоо. Болбогонго болушпа (макал). Башыма урса полицей, Орустарым болушту (Токтогул).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санболуш
Көптүк санболуштар
Синонимдери
датка
Байланыштуу сөздөр
бар болуу
тез болуу
болуу
Жөндөлүшү - "болуш"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?болуш
Илик Кимдин? Эмненин?болуштун
Барыш Кимге? Эмнеге?болушка
Табыш Кимди? Эмнени?болушту
Жатыш Кимде? Эмнеде?болушта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?болуштан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?болуштар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?болуштардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?болуштарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?болуштарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?болуштарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?болуштардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: