Menü
Эл-Сөздүк

Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бириккен улуттар уюму (юнеско)

БИЛИМ БЕРҮҮ, ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ЮНЕСКО) – өкмөттөр аралык уюм, БУУнун адистештирилген мекемеси. 1946-жылы негизделген. ЮНЕСКОнун максаттары: билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы эларалык кызматташтыкты колдоо аркылуу тынчтык жана коопсуздук ишине салым кошуу; БУУнун Уставына ылайык расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу. 2005-жылы 188 мамлекет ЮНЕСКОнун мүчөсү болушкан. КР ЮНЕСКОнун курамына 1992-жылдын 2-июнунда кирген.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: