Меню
Эл-Сөздүк

Баш теңдөө

Баш теңдөө – баш ооруну эмдөөнүн бир түрү, ыкмасы. Баш теңдөө ырымын адатта колунда эми бар, атайын жөндөмдүү адамдар гана жүргүзөт. Ал көбүнесе аял киши болушу мүмкүн. Ырым учурунда жоолук же жип колдонулат. Эмчи ал жипти оорулуунун башына ченеп, бекем кармап туруп, оорулуунун башын силкилдетип: «Теңби, теңби?» – деп сурап турат. Бөлмөдө канча адам болсо, алардын бардыгы: «Тең, тең» – деп, кубаттап турууга тийиш. Ырым күндүн кайсы маалында аткарылганы маанилүү эмес, бирок бир нече күн катар кайталанып аткарылат (Айгине: Манасчы Улан Исмаиловдон жазылган).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: