Меню
Эл-Сөздүк

Банк пластикалык карточкасы

БАНК ПЛАСТИКАЛЫК КАРТОЧКАСЫ – банк тарабынан берилип, кардарлар дүкөндөн акчасыз соода кылганда же накта акча алганда салыштырып көрө турган документ. Б. п. к-нын өзөгүндө ишке катышы бар негизги тараптардын ортосундагы келишимдик мамиле тутуму турат: бир тарапта – банк, дүкөн, тейлөө ишканалары, экинчи тарапта – банк кардарлары (карточка ээси). Кредиттик жана дебеттик карточкалар колдонуу мүнөзү боюнча бири-биринен айырмаланат. Биринчиси банкта кредиттик жол ачууга байланыштуу болгондуктан, товар сатып алууда жана кассалык насыя акча алууда кредитти колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми экинчиси банк автоматтарынан накта акча алууга же товар сатып алууда электрондук терминал аркылуу эсеп-кысап жүргүзүүгө арналган. Жумшалган акчалар карточка ээсинин банктагы эсебинен чыгаша кылынып турат. Төлөм карточкасы өзүнчө бөлүнүп турат, анткени кредитти узартуу укугу токтотулгандан кийин, колдонуудан улам пайда болгон карыздардын жалпы өлчөмү белгилүү бир мөөнөттүн ичинде жоюлууга тийиш.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: