Меню
Эл-Сөздүк

БУРКАН

БУРКАН — топоним. Кытай, калмактар башта басып алган ата-журтун кыргыздар бошоткондо, калмактын айрым бөлүктөрү качып барып жашынып, бурканынан жардам сураган жер. Ошондон тартып ошол жер Б. аталып калган (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү жайлоо.

БУРКАН

БУРКАН — эпосто калмак-кытайларда колодон жасалган кудайынын (идол) сөлөкөтү. Б-га сыйынат, аны олуя кудай катары көрүшөт. «Манас» эпосунда да ушундай мааниде чагылдырылган: «Калмакча динге кирди дейт, Жүк бурчунда бурканын Кудайым деп жүрөт дейт» (Саякбай Каралаев, 1. 108).

БУРКАН

БУРКАН — эпизоддук кейипкер, калмак калдайы. Текес кандын өлгөнүн угуп кол курай баштаган Орго канга жыйырма миң колу менен келип кошулат (Сагымбай Орозбаков, 2. 72, 77).

буркан

буркан (кудай) (фольк.)

буркан

буркан: буркан-шаркан

буркан

I зат. Бутка табынуучулар сыйына турган кудайдын сүрөтү, кебетеси. Колодон кылган бурканды, Кызыл пилге жүктөтүп («Манас»).
БУРКАН II: буркан-шаркан — 1) суунун, суюк нерсенин катуу кайнаганда, акканда пайда болгон дабышы. Казан буркан-шаркан түшүп катуу кайнады. Кара-Суу буркан-шаркан күрүлдөп жатат (Касымбеков); 2) уу-дуу болгон кызуу, жандуу кыймылды жалпы мүнөздөө үчүн колдонулат. Ар кайдан жүрөгүңдү жанып өтөт, Кайнаган эмгек күүсү буркан-шаркан (Абдыраманов); 3) аябай ачууланып, албууттанып урушуу, ыйлоо. Бурулча буркан-шаркан түшүп эшикке чыкты (Бейшеналиев). Супахан буркан-шаркан түштү (Жантөшев).



Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: