Меню
Эл-Сөздүк

БИБЛИОГРАФИЯ

БИБЛИОГРАФИЯ (гр. biblion — китеп, grapho — жазам) — басма сөз жана жазма чыгармалар жөнүндөгү маалыматтарды даярдоочу жана таратуучу илимий-практикалык тармак. Б. чыгармаларды издөө, аларды атайын белгилери боюнча топтоо, сыпаттап жазуу, системага салуу, адабияттардын көрсөткүчтөрүн, тизмелерин, баяндамаларын түзүү жана башкалар иштерди аткарат. «Манас» эпосу боюнча эң алгачкы Б. — С. Вельтмандын «Устное народное творчество народов СССР» (М„ 1938, 78-79-б.) аттуу китебиндеги кыскача библиография. 1939-ж. X. Надель түзгөн «Художня література фольклор народов СРСР» (Киев, украин тилинде) аттуу аннотациялуу библиографиялык көрсөткүчтүн берилген кыргыз адабияты менен фольклорунун кыскача Б-сында да «Манаска» байланыштуу адабияттар бар. Е. Р. Бинкевичтин «Устное творчество народов СССР» (М., 1940) деген эмгегинде берилген кыргыз фольклорунун Б-сында «Манас» боюнча адабияттар да көрсөтүлгөн. 1945-ж. «СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын кабарларына» (1-чыгарылышы, 151 —166-б.) А. П. Кулаковдун «Кыргызстандын илими жана техникасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» аттуу макаласы жарыяланып, ага кошо берилген Б-да «Манаска» байланыштуу адабияттар да көрсөтүлгөн. «Манас» боюнча алда канча толук Б-ны П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн («Киргизский героический эпос "Манас"», М., 1961). «Манас» эпосу боюнча жарык көргөн монографиялардын айрымдарында да Б-лык көрсөткүч тиркелип берилген. Бирок эпоско байланыштуу адабияттардын атайын Б-лык жыйнагы өзүнчө китеп болуп жарык көрө элек.
С. Төлөгөнова

библиография

зат. 1. Басылып чыккан материалдарды (китеп ж.б.) тийиштүү тармактар боюнча бөлүштүрүп жана илимий, системалуу мүнөздө баяндоо.
  1. 2.                  Ушундай баяндоолорду берүүнүн ыгы жана методу жөнүндөгү илим тармагы.
  2. 3.                  Айрым бир маселелер, предметтер боюнча чыккан китептер, макалалар тизмеси, алардын топтоштурулушу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: