Меню
Эл-Сөздүк

БЕШИК-БОЗ

БЕШИК-БОЗ — топоним. Эпоско байланыштуу уламыш боюнча Өзбек ССРинин Анжыян обллусуна караштуу Бостон чөлкөмүндөгү адыр. Перинин кызы Айсалкын Эр-Төштүктү сүйүп калып, андан эркек бала төрөйт. Баласын куржунга салып барып ээн чөлдөгү Кызылнардын өркөчүнө арта салып коюп өзү кайып болот. Баласыз Көкөтөй кан ал баланы таап алат да, атын эркелетип Бокмурун коёт. Кайып кыз болсо ичтен чыккан баласынан айрылып, күйүтүнө чыдабай Б.-Б. адырына келип ушул күнгө чейин бош бешикти терметип «Алдей-алдей ак бөпөм, Ак бешикке жат бөпөм» — деп ыйлай-ыйлай терметип жүрөт имиш. Бул жерден ак ниет, бирөөгө жамандыгы жок таза адамдар тыңшаса анын ырдаганы Б.-Б-до кадимкидей угулат дешет.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: