БЕГИШ БЕГИШ — эпизоддук кейипкер. Ала-Тоого көчкөндө жана Орго кан менен болгон согушта кыргыздар тараптагы уруу башчылардын катарында Б. аярдын аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 30, 94).