Меню
Эл-Сөздүк

БЕГАЛИЕВ

БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович (1955, Жумгал району, Миң-Куш шаарчасы) — кыргыз композитору. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). Б. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерваторияны (1983) бүткөн. Б. СССРдеги жана чет элдик көптөгөн ири коллективдерде аткарган түрдүү жанрдагы музыкалык чыгармалардын автору. Ал «Манас» темасына кайрылып «Манас» аттуу симфониясын (1990), «Манастын уулу Семетей» драмасына музыка жазган. Ошондой эле көпчүлүк чыгармасында «Манас» темасы чагылат.

БЕГАЛИЕВ

БЕГАЛИЕВ Сапар (1934, Ысык-Көл району, Орто-Өрүктү айылы) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү. Филология илимдеринин кандидаты (1968), доцент (1977). Ленинграддагы Герңен атындагы педагогика институтун бүтүргөн (1958). 1959—61-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда аспирант. 1961-жылдан «Манас» секторунда кенже, улук илимий кызматкер. «Манас» эпосунун поэтикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын (1967) коргогон. 1970-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин улук окутуучусу, доцент. 1983—89-жылдары СССР элдеринин адабияты кафедрасынын башчысы. Б-дин илим майданындагы эмгек жолу негизинен «Манас» эпосун изилдөөгө арналган. Ал «Манас» эпосунун поэтикасы» (1969), ««Манастагы» көркөм каражаттар» (1988) аттуу монографияларды, «Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы» (1979) окуу методикалык куралын жазган. Филология факультетинде «Манас» эпосу боюнча атайын курсту окутат. Кыргыз ССР эл агартуу отличниги (1984).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: